Өкмөт Кыргызстанда онкологиялык ооруларды азайтууну максат кылууда

28 сентябрь 2017 13:16 363 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 27-сентябрда, премьер-министр Сапар Исаков Европа онкология мектебинин илимий комитетинин президенти, Дүйнөлүк онкологиялык форумунун президенти,  доктор Франко Кавалли менен жергиликтүү дарыгер-онкологдордун тажрыйбасын көтөрүү маселесин талкуулады.

«Өлкөдө рак илдетин азайтуу, ошондой эле аларды дарылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү – бул Өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири болуп саналат.  Тилеке каршы рак ооруларынан каза болгондордун саны тынчсызданууну жаратат. Бир жылдан ашык убакыттан бери биз КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен бул тармакты жакшыртуу жана олуттуу өзгөртүүнүн үстүнөн тынымсыз иш алып баруудабыз», — деди  Премьер-министр.

Ал ошондой эле онкология тармагындагы абалды өзгөртүүгө жарандык коомдун жана бизнес өкүлчүлүгүнүн ролу зор экенин баса белгиледи.

Андан ары Өкмөт башчы рак илдетинен көз жумгандардын саны көп болгондуктан ушул жылы Улуттук онкология жана гемотология борборун республикалык бюджеттин эсебинен толук оңдоодон өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

2017-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда стратегиялык макулдашууга кол коюлуп, анын алкагында Улуттук онкология борборуна кайтарымсыз түрдө 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат берилди.

«Онкология жана гематология Улуттук борборунун материалдык-техникалык базасын толук калыбына келтирүү жана өркүндөтүү аркылуу биздин өлкө онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүдө маанилүү натыйжаларга жетише алат. Бирок бул жетиштүү эмес. Маанилүү аспект окутуу жана дарыгерлерди даярдоо зарыл. Тийиштүү кызматкер болбосо тармакты  жакшыртуу үчүн биздин ишибиз натыйжалуу болбойт», — деди Өкмөт башчы.

Франко Кавалли өз сөзүндө Ракка каршы Швейцария  Лигасы  жана Онкология боюнча Европа мектеби медициналык онкологдорду окутуу боюнча өз ишин кеңейтүүгө, нур терапиясы боюнча адистерди окутууга колдоо көрсөтүүгө  даяр экенин билдирди.

«Эки жыл мурда биз дарыгерлерден жана консультанттардан турган топ менен Республикалык онкология борборун көрүп чыкканыбызда ал борбор башкача болорун элестете алган эмеспиз. Биз азыр барып тааныбай калдык. Сиздердин Өкмөт бул багытта борборду ушундай кыска убакыт аралыгында  оңдоодон өткөрүп, рак илдетинен жабыркагандарга шарт түзүүнү колго алганы бизди кубандырат. Дүйнөдө көп мамлекеттер бул тармакты жакшыртуунун үстүнөн иш алып барышат. Бирок биз мындай кыска убакытта баарын өзгөртүүгө жетишкен мамлекетти кезиктире элекпиз. Бизди иштин жыйынтыгы абдан таасирлентти», — деди Франко Кавалли.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6845



Добавить комментарий