Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасын талкуулоону жабык эшик артында улантмай болушту
Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим долбоорун ратификациялоо тууралуу мыйзамды экинчи окууда карап жатышат жана аны жабык түрдө талкууламай болушту. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 28-сентябрда парламенттин жыйынында кабыл алышты.
Бул сунушту «Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов киргизди. Бирок анын кесиптеши «Бир Бол» фракциясынан депутат Улукбек Ормонов жарандар маселени ачык талкуулоону суранып жатышканын айтты.
Төрага Чыныбай Турсунбеков эки сунушту тең добуш берүүгө коюп, жыйынтыгында депутаттар маселени жабык карамай болушту.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге ушул жылдын 5-сентябрында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке жасаган иш сапарынын маалында кол коюлган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6840
Добавить комментарий ×