Бензиндин арзандашы күтүлүүдө

30 январь 2017 11:42 409 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жумушчу кеңешме өткөрдү, анда өлкөнүн күйүүчү-майлоочу рыногундагы учурдагы абал жана унификацияланган темир жол тарифинин транзитке тийгизген таасири талкууланды.  Кеңешмеде белгилүү болгондой  унификацияланган темир жол тарифи ишке киргизилишине байланыштуу февраль айында мунай продуктуларынын жаңы партиясынын ташылып келүүсүндө КММ карата баалар 1 литрине 2 – 2,5 сомго төмөндөөрү күтүлүп жатат.  Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата негизги милдет катары алдыдагы жазгы-талаа жумуштарына карата күйүүчү майлоочу майга  карата туруктуу бааларды камсыздоо болуп саналат. 2017-жылкы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн КММ карата муктаждык 100 миң тонна дизелдик отунду жана 26 миң тоннага жакын автомобилдик бензинди түзөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/content684



Добавить комментарий