Орточо пенсия менен жашоо минимумунун ортосундагы айырма 37,4 сомду түзөбү?

28 сентябрь 2017 11:55 618 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорулагандан кийин орточо пенсия 5 517 сомду түздү. Бул тууралуу маалыматты кечээ 27-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы  Тенизбек Абжапаров президент менен жолугушкан учурда айтты.   

Анын маалыматына караганда, 2-октябрдан тартып пенсия 520 сомго жогорулайт. Бул кошумчадан кийин орточо пенсия 5 517 сом болмокчу. Анын айтымында, 627 миң пенсионердин акчасы кайра эсептелди.    

Бул арада Экономика министрлиги 2017-жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 5 052 сомду түзгөнүн, ал эми экинчи жарым жылдыкта 5. 554,4 сом болорун кабарлады.

Ага ылайык, болжолдонуп жаткан жашоо минимуму менен орточо пенсия көлөмү  минус 37,4 сомду түзмөкчү. Тактап айтканда, пенсионер өзүн бир ай багыш үчүн  кайсы бир жактан 37 сом табышы керек.

Ссылка: https://barometr.kg/content6839



Добавить комментарий