Ашхабад: Азия оюндары жабылар алдында билет сатып алууда ажиотаж жаралды
Ашхабадда өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары жабылар алдында спорттук мелдештерге билет сатып алууда ажиотаж жаралды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.
Маалыматтарга караганда, спорттук мелдештер үчүн билет баалары 7 манаттан башталып (Борбордук банктын курсу боюнча 2 доллар, көмүскө базардагы курс боюнча 1 доллар), 100 манатка чейин жетүүдө. «Айрым учурларда билет сатып алууда ажиотаж жаралууда. Мындай учурлар көбүнчө түркмөн спортчулары катышкан мелдештерге, ошондой эле спорттун улуттук күрөш, бокс, кикбоксинг өңдүү түрлөрүнө билет алууда байкалууда. Бул мелдештер үчүн бир күн мурда дагы билет сатып алуу кыйын болууда», - деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.
Басылманын маектеши билдиргендей, билеттер паспортторун көрсөткөн жарандарга (жашы жата электер туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көрсөтүшүүдө) сатылууда. Айтымында, документтеги маалыматтар атайын базага киргизилип, билеттерге сатып алган адамдын аты-жөнү жазылууда. Кийин билеттерде көрсөтүлгөн маалыматтар мелдештерге кирүү маалында дагы дыкаттык менен текшерүүдөн өткөрүлүп жатат.
Маалыматтарга караганда, оюндар жабыларына үч күн калгандан бери мелдештерге камерасы жана фотоаппараты бар уюлдук телефондор менен кирүүгө дагы тыюу салынган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6836
Добавить комментарий ×