Кытайда Робот журналист пайда болду

28 январь 2017 17:24 637 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайда Сяо Нань аттуу робот-журналист бир секундда бир макала жазат. Ал Түштүк Кытайдын Гуандун облусундагы «Наньфан душибао» гезитинде иштейт. Робот жаратуучуларынын айтымында, робот-журналист кыскача баяндама жана ири макалаларды да жаза алат. «Роботтун катардагы кабарчылардан өзгөчөлүгү жаңы келген маалыматты оперативдүү кайра иштеп чыга алат. Ошондой эле ал өтө тез жазат»-деген Пекин университети робототехника тармагы боюнча адиси Вань Сяоцзюн. Робот Сяо Нань өзүнүн алгачкы макаласын Кытай календары боюнча белгиленип жаткан Жаңы жыл тууралуу жазды. Ал макалада майрамдын айынан жол тыгындары пайда болгонун, жүргүнчүлөрдүн саны кескин артканын жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/content680



Добавить комментарий