Байытылбаган ундун импортуна айыппул салуу үчүн бир катар органдарга укук берилет

27 сентябрь 2017 12:17 428 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.  

Мыйзам долбоору байытылган унга калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун жана интеллектуалдык потенциалын сактоого багытталган.

Мыйзам долбоорунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиясына жана саламаттык сактоо органдарына КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-статьясы боюнча иштерди кароо жана айып акыларды салуу укугун берүү сунуш кылынууда, байытылбаган ундун импортуна айып акы түрүндө жаза киргизилүүдө, салык кызматынын органдарына байытылбаган унду мыйзамсыз алып келүү боюнча администрациялык иштерди кароо жагынан ыйгарым укук берилүүдө.

Талкууда депутаттар республика аймагына сырттан байытылбаган унду киргизбөө же унду байытуу боюнча эмне чаралар көрүлүп жатканына кызыгышты. Ошону менен катар эл өкүлдөрү байытылган ундун же болбосо 2-сорттогу ундун адам саламаттыгына пайдасы боюнча коомчулукка так түшүндүрмөлөрдү байма-бай берүүнү күчөтүү керектигин сунуш кылышты.

Талкууда көтөрүлгөн дагы бир олуттуу маселе – бизге Казакстандан кирген унду текшерилерин, ал эми Кыргызстандан чыгып жаткан өсүмдүктөр Казакстандын, Орусиянын аймагындагы фитосанитария мекемелери тарабынан эмне үчүн кайра кайтарылып жаткандыгы болду. Мындай жагымсыз жагдайга биздин тиешелүү органдардын тиешелүү деңгээлде иш алпарбай жатканы айтылды. Бир катар депутаттар көтөрүлгөн мындай олуттуу маселе боюнча Жогорку Кеңештин атынан протоколдук тапшырма берүү керектигин белгилешти.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6796



Добавить комментарий