Россиялык контрафакттык товарларга Кыргызстан туруштук бере алабы?
Россиялык адистердин айтымында Россия Федерациясында жасалма продукцияларга каршы чаралардын күчөтүлүшү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул көйгөй контрафакттык товарларды өндүрүүчүлөрдүн ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнө көчүшүнө түрткү болушу ыктымал.
Сентябрь айынын ортосунда өткөн Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, Россиянын Минпромторгу, «Антиконтрафакт» эл аралык ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Антиконтрафакт-2017» форуму өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүү, анын ичинде интеллектуалдык менчикти коргоо көйгөйлөрүнө арналды.
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнаревдун айтымында, Россияда контрафакттык товарларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жасалып жаткандыгына карабастан ар бир өндүрүш тармагында көйгөйлөр арбын. “Өлкө ичинде өндүрүш товарларынын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгышына тыкыр көзөмөл кылуу жаатында механизмдерди иштеп чыкты. Анын ичинде түтүктөр, дары-дармек, бал, темир продукциялары, цемент ж.б. тармактарда контрафакттык товарлардын басымдуу болуп жатканы тастыкталган. Буга каршы чаралар көрүлүп жатканы менен али чоң көйгөйлөр бар”,-дейт ал.
РФнын "Фонд развития трубной промышленности" коммерциялык эмес уюмунун директору Игорь Малышевдин маалыматына таянсак, өлкөдө түтүк продукциясынын (болот, чоюн түтүктөр жана баллондор) мыйзамсыз жүгүртүү 2,5 эсе кубаттуулукту кучагына алат. “Түтүк продукцияларын текшерүүнүн жыйынтыктары анын 25%ы жасалма экендигин ачыктаган. Мунун бардыгы РФнын экономикасына аябагандай чоң зыян алып келүүдө. Турак жай коммуналдык чарбаларында 10-15% авариялар болуп турат, кышкысын үйлөрдүн жылуулук системасы иштен чыгып жатат. Ошондой эле сапатсыз арматуралардын сатыкка жайылып кетиши аны пайдалануу менен курулган үйлөрдө адам өмүрү үчүн кооптуу абал жаратууда”,-деп белгилейт И.Малышев.
“Союзцемент” коммерциялык эмес уюму Бажы биримдигине кирген бардык республикаларды бириктирип турат. Бул уюмдун көзөмөлү астында чыгып жаткан продукцияларга алардын энергонатыйжалуулугу, экологиялык жактан таза болуусу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгына карабастан алардын ичинен дагы контрафакттык продукциялар аныкталууда. Россиялыктар белгилегендей, ал гана эмес стратегиялык жактан мааниге ээ болгон Керч көпүрөсүн курууда сапатсыз болот пайдаланылып жаткандыгы да аныкталган.
Ошондой эле россиялык адистер темир продукциясынын контрафакттык жүгүртүүсүн белгилешти. Анын ичинде темир чатырларга болгон бардык стандарттык талаптар сакталбай жатышы өкүндүрөт.
Аталган иш-чарада Кыргызстанда мыйзамсыз дары-дармектер боюнча абалдын канча жылдан бери жолго салынбай келе жаткандыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун методист-дарыгери Галина Игнатовскаянын чыгып сүйлөгөн сөзү “Сак болуңуздар: жасалма дарылар!” деп аталган автордун видеотасмасы менен коштолду. Анда республикада базарларда жайма-жай сатылып жаткан дары-дармектер, шаардыктарды бул боюнча сурамжылоо камтылган. Г.Игнатовская өлкөдө дары-дармектер боюнча көзөмөл талаптагыдай эместиги, адамдардын ден соолугу жасалма дарылардан улам кооптуу абалга кептелгендигин белгиледи.
Өтө олуттуу маселелерди кучагына алган Антиконтрафакт форуму ЕАЭБ үчүн маанилүү көйгөйлөрдү талкууга алды. Ошондой эле форумга катышкан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген адистерге мыйзамсыз товарлар боюнча маселелерди чечүүдө кеңири пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Аймира Мендеева
Ссылка: https://barometr.kg/content6777
Добавить комментарий ×