Салык төлөбөгөн адам чет өлкөгө чыкпайт
Салык карызын кыскартып, мамлекеттик бюджеттин кирешесин жогорулатуу үчүн карызы бар жарандарга кыймылсыз мүлк, унаа сатып алууга, чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу керектигин баса белгилеген Жогорку Кеңештин депутаттары салык төлөбөгөн адамдарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунуштап жатышат. Мындай мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Документти демилгелеген сегиз депутат бул кадамы менен салык карыздарын кыскартып, бюджет кирешесин жогорулатууну көздөөдө. Алар салыктан качкан адамдарга бир нече чек коюу керек деп эсептешет. "Карызынан кутулмайынча ал адамга жеке иштери менен чет өлкөгө чыгууга жана кызматтык командировкага барууга тыюу салынат", — деп айтылат мыйзам долбоорунда. Мындан тышкары, карызы барларга кыймылсыз мүлк же унаа сатып алууга тыюу салынып, ишмердүүлүк үчүн лицензия же уруксат берилбейт. Демилгечилер өлкө жарандарынын укугу гана эмес, мамелкет алдында милдети да бар экенин эскертет.
Ссылка: https://barometr.kg/content676
Добавить комментарий ×