Индиянын Кыргызстандагы элчиси миссиясынын аягына чыкты

28 январь 2017 14:15 526 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмазбек Атамбаев, Индиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жаянт Кхобрагадени кабыл алып, анын элчилик кызматынан аягына чыккандыгына байланыштуу  ийгилик каалап, аталган өлкөнүн башчысына каалоо-тилектерин жөнөттү. Элчинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктады.Жолугушуу учурунда президент Элчиге Кыргызстандагы жигердүү жана үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, бул аралыкта эки өлкөнүн кызматташуусу жаңы деңгээлге чыккандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле, кыргыз-индия мамилелеринин терең болуусуна жогорку деңгээлдеги иш сапарлары салым кошкондугу айтып Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары маданий-тарыхый байланыштарды,  демократиянын негиздерин эске алуу менен өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиледи.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content675



Добавить комментарий