Кыргызстанга аткезчилик менен күйүүчү май ташыгандар көбөйдү

28 январь 2017 12:06 490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы бир жарым жылда аткезчилик менен күйүүчү майды Кыргызстанга ташуу көбөйдү.  «Нефтетрейдерлер» биримдигинин аткаруучу директору Улан Кулов журналисттерге маалымат тараткан.  Жетекчинин билдиргенине таянсак , 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин чек арада бажы көзөмөлү алынып, күйүүчү май аткезчилик жол менен Казакстандан көп келе баштаган. Ошол эле учурда тенге девальвация болуп, валюта курсу алмашканда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бааларда кескин айырмачылыктар байкалган. Бул да контрабанданын өсүүсүнө себеп болгон. Улан Кулов мындан сырткары ушундан улам салык төлөнгөн импорттун көлөмү 2015-жылы 180 миң тоннага, 2016-жылы 80 миң тоннага азайганын айтты. 

Ссылка: https://barometr.kg/content674



Добавить комментарий