Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелди анын партиясы жеңишке жетишкендигине байланыштуу куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдуу канцлери Ангела Меркелди анын партиясы – Германиянын Христиан-демократиялык союзунун Бундестагка шайлоолордо жеңишке жетишкендигине байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
“Сиздин партиянын жеңиши Сиз тандап алган саясый жана социалдык-экономикалык багытты германия эли колдой тургандыгынын ачык-айкын белгиси болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү өлкөнү мындан ары туруктуу өнүктүрүү боюнча өз ишмердигин ийгиликтүү уланта берет деп ишенем.
Кыргыз Республикасы кыргыз-германия өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө абдан кызыктар экендигин ырастайм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.
Кыргызстандын Президенти Федералдуу канцлерге чың ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, достук мамиледеги Германия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content6738
Добавить комментарий ×