Кыргызстанда инфляция 5-7 пайыздык көрсөткүчтөн ашкан жок

26 сентябрь 2017 13:00 533 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5-сентябрда Улуттук банктын Башкармасы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул чечим бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет. Бул чечим тышкы жана ички экономикалык жагдайга баа берүүнүн негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти

Биринчиден, инфляция Улуттук банктын күтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн чегинде болуусун улантууда жана орто мөөнөт мезгилине аныкталган 5-7  пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн ашкан жок. 2017-жылдын сентябрында (15-числосуна карата) инфляция жылдык мааниде 3,2 пайызды түзгөн. Ички суроо-талаптын бара-бара калыбына келиши жана импорттоп алган азык-түлүк товарларына баа динамикасы инфляциянын негизги факторунан болууда.

Кыргыз Республикасынын экономикасы алгылыктуу өсүш арымдарын көргөзүүдө. Реалдуу ИДӨнүн өсүшү 2017-жылдын январь-августунун жыйынтыгы боюнча 6,0 пайызды түзгөн, “Кумтөрдү” эске албаганда – 3,6 пайызга өстү.

Ссылка: https://barometr.kg/content6737



Добавить комментарий