Аялды мотоцикл тебелеп кетти. Донор каны керек
Бөлүшүү:
23-сентябрда болжол менен саат 19.20да Новопавловка айылында жүргүнчү аялды мотоциклдин айдоочусу сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу социалдык түйүндүн колдонуучулары бүгүн, 26-сентябрда кабарлашты.
«Кайсы топтогу болбосун кан керек, аял оор абалда реанимацияда жатат. Сураныч мүмкүн болсо Манас жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кан борборуна 1963-жылы туулган, учурда 4-шаардык ооруканада жаткан Шмальц Валентина Владимировнанын атына кан тапшырыңыздар. Маалымат катты каттоо бөлүмүнө калтырыңыздар же 0553) 43-03-73 телефонуна Евгенияга байланышыңыздар”,-деп жазды колдонуучулар.
Азыркы учурда күнөөлүүнү издөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content6728
Добавить комментарий ×