БШК Камчыбек Ташиевге эскертүү берди, Чубак ажынын айткандарына кийлигише албайбыз дешти
Бөлүшүү:
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы президентикке талапкер болгон Камчыбек Ташиевге кат түрүндө эскертүү берди. Бул тууралуу БШК кечээ, 25-сентябрда билдирди.
БШК Ташиевге талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөө жүргүзгөн үчүн эскертүү берди.
Ошондой эле диний ишмер Чубак ажы Жалилов да Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөн. Социалдык түйүндөрдө аалым шайлоочулар менен жолугушкан кезде сүйлөгөн сөзү тартылган видео жарыяланды. Бирок ага эскертүү берилген жок.
БШКнын комиссиясы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайбыз деген бүтүм чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6722
Добавить комментарий ×