Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине мелдеш өтөт

28 январь 2017 11:23 410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте  Кыргыз эл баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир  Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 1-февралдан 6-февралга чейин өтөт. Ага 18 жаштан жогору курактагы мушкерлер катышат. Алар 49, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91 килограмм жана андан жогорку салмактагы категорияда күч сынашат. Мелдеште Россия, Литва, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Алжир, Монголия жана Кыргызстан болуп 11 өлкөнүн мушкерлери беттешип намыс талашышат. Эл аралык турнир КМШ өлкөлөрүнүн спорттук алакасын бекемдөөгө, спортчулардын чеберчилигин арттырууга жана Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет. 

Ссылка: https://barometr.kg/content672



Добавить комментарий