Исфананын жаштары Сооронбай Жээнбековду тандайт!

25 сентябрь 2017 19:10 364 www
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн үгүт кампаниясынын алкагында Баткен облусунун Исфана шаарына барды.

Шайлоочулар менен жолугушуунун астында Сооронбай Жээнбеков Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду. Бул жактан ал турмуш жолуна аттанып жаткан үч жуп жубайларды кездештирди. Сооронбай Жээнбеков аларга бакыт-таалай каалап, турмуштук жолдоруна бата тиледи. Андан кийин талапкер Исфана шаарынын жашоочулары жык толгон шаар стадионуна жолугушууга жөнөдү.

Мектептин жаш мугалими Жеңишбек Абдиназиров Сооронбай Жээнбеков өз эмгек жолун элге кызмат кылууга арналган кесип - мугалимдиктен баштагандыгын жана билим берүү маселелери менен жакындан тааныш экенин белгиледи. “Сооронбай Жээнбеков премьер-министр боло электе мамлекеттик башкаруунун баардык тепкичтерин басып өткөн жана өлкөдөгү туруктуулукту сактоого баа жеткис салым кошкон. Биз азыр бүт багыттарда өнүгүүнү көрүп жатабыз. Бир эле Баткен областында 25 соцобъекттер курулуп бүттү, бул бизди кубандырбай койбойт. Президент болуп шайланып калсаңыз, мектептердеги кадр маселесин жана техника менен камсыздоону чечип бересиздер деп ишенем”, - деди Жеңишбек Абдиназиров.

Жергиликтүү тургун – Исфана шаарынын жаштар комитетинин өкүлү Инафат Абдалиева лейлектиктер талапкерди таза, жөнөкөй, мамлекеттик кызыкчылыкты өз кызыкчылыктан өйдө койгон адам катары билгенин айтты жана жаштардын атынан ак жол каалады. Ошондой эле жаштардын эс алуу жайлары жокко эсе деп, жаңы социалдык объектилердин курулушун жаштардын атынан суранды жана жердештерин Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырып өттү.

Талапкер акыркы алты жылда өлкөдө туруктуулук жана өнүгүү болуп жатканын белгиледи. “Алты жыл ичинде биз башкаруу системасын калыбына келтирдик. Менин максатым - ушул оң иштерди улантуу, башталганды аягына чыгаруу жана Конституцияга болгон өзгөртүүлөрдүн негизинде бардык тармактарда реформа өткөрүү”, - деп белгиледи президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков.

 

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 25.09.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6707



Добавить комментарий