Ошто 27 компания катышкан медициналык жабдуулардын жана техникалардын көргөзмөсү өтүүдө

25 сентябрь 2017 16:51 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Ош шаарында медициналык жабдуулардын жана техникалардын «MedExpo Yug 2017» экинчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору Г.Шакирова, тиешелүү жетекчилер жана медицина тармагынын кызматкерлери катышты.

 

Ошто экинчи ирет өткөрүлүп жаткан «MedExpo Yug 2017» көргөзмөсү Кыргызстан, Казакстан, Россия, Польша жана Өзбекстандан 27 компаниянын өкүлдөрүн бирдиктүү көргөзмө аянтчасына чогултуп, анда медициналык жабдуулар, мед.техникалар, лабораториялык жабдуулар менен чыгымдоочу материалдар, медициналык  багыттагы буюмдар, дарылык препараттар жана стоматологиялык жабдуулар көрсөтүлдү.

«MedExpo Yug 2017» көргөзмөсүнүн башкы максаты болуп, Кыргызстандын түштүгүндө медицинанын ар кандай чөйрөлөрүндө чет өлкөлөрдүн адистерин активдүү кызматташууга тартуу, профилдик адистерди жана региондордун калкын медициналык жабдуу, товарлар жана кызматтар рыногундагы жаңылыктар жөнүндө маалымдоо, түштүк региондорундагы калктын арасында медициналык сабаттуулукту жогорулатуу болуп эсептелет.

Аталаган көргөзмө 25-27-сентябрь күндөрү Ош шаарындагы “Таатан” соода борборунда өтөт.

Көргөзмөнүн алкагында саламаттык сактоонун актуалдуу маселелерин ачып көрсөтүүчү конференциялар уюштурулуп, катышуучу компаниялар жабдуулардын жана дары-дармек препараттарынын бет ачарларын өткөрүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content6703



Добавить комментарий