Бишкек суу каналдын түйүндөрүнөн курт табылган жок. Алар кудуктан алынган

25 сентябрь 2017 15:18 673 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек суу канал анын суу түтүктөрүндө эч кандай жандык жок экенин расмий билдирди.

 

Аталган маалыматта:

“Урматтуу шаардыктар! Бүгүн социалдык түйүндөрдө Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн биринин суу түтүгү жарылып андан курттар чыкканы тууралуу маалымат жарыяланган.

Бишкексууканал аталган жерде текшерүү жүргүзүлгөнүн жана мите курттар чыны менен биздин суу агып түтүктөн барган кудуктан табылганын тастыктайт. Кудуктун үстү ачык жана айлана нымдуу болгондуктан анда курттар пайда болгон. Биздин суу түтүктөрдө эч кандай жандуу нерсе жок экенине ишендиребиз”,-деп айтылат.

 Эскерте кетсек, кызуу талкуу жараткан сүрөттөрү бар постту колдонуучу Чолпон Мундузбаева жарыялаган.

“Урматтуу Бишкек сууканалдын жетекчилиги!!! Сиздерге кайрылам!!! Кечээ бизде Биринчи май районундагы Караванский, 15 дарегинде жайгашкан коңшубуздун суу түтүгү жарылып, оңдоткондо үрөй учурга курттар чыкты. Бул эмне экени белгисиз, узундугу 10-12 см келет, биз дүйнөдөгү эң таза сууну ичип жатабыз деп ишенип келгенбиз. Урматтуу колдонуучулар абайлагыла чийки сууну ичпегиле... Муниципалиттетин жетекчилеринен буга кандайдыр бир чара колдонууну сунуштайм, адегенде бул жандык эмне экенин аныктап бергиле, андан соң биздин суу түтүктөрүн алып салгыла”,-деп нааразы болгон автор.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6697



Добавить комментарий