Алмазбек Атамбаев 5-октябрда Өзбекстанга барат

25 сентябрь 2017 14:09 426 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кийинки айдын башында Өзбекстанга иш сапар менен барууну пландап жатат. Бул тууралуу Barometrге президенттин аппаратынын кабарлашты.

“5-6-октябрда Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга баруусу пландалууда”,-деп кабарлашты мамлекет башчынын аппаратынан.   

Президент  коңшу мамлекетке жумушчу сапары менен барат жана жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланмакчы.

 “Ошондой эле иш сапардын алкагында чек ара маселелерин кароо күтүлүүдө”,-деп кабарлашты Barometr.kgге.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга ушул жылдын 5-сентябрында мамлекеттик иш сапар менен келген. 2016-жылы декабрь айында А.Атамбаев Өзбекстанга барып келген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6691



Добавить комментарий