Өмүрбек Абдырахманов Назарбаевге: Казакстан авторитардык мамлекет, ал жакта шайлоого бир гана “аргымак” катышат

25 сентябрь 2017 13:59 366 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Абдырахманов Казакстан мнен Эстониянын экономикасын салыштырды. Өзүнүн анча чоң эмес анализин ал  Facebookтагы баракчасына жарыялаган. 

Эскерте кетсек, өткөн аптада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев иш-чаралардын биринде Астана шаарынын гана Ички дүң өндүрүмү бүтүндөй Кыргызстандын ИДӨсүнөн беш эсе көптүк кыларын айткан. Бул айтылгандар соцтүйүндү колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жараткан, анткени Назарбаев бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи Казакстанга талапкерлердин бирине байланышкан жолугушуу боюнча нааразылык нотасын жөнөткөндөн кийин жарыяланган.     

Өмүрбек Абдырахманов Казакстан жаратылыш ресурстарына бай келгени менен өзүнүн өнүгүүсү жагынан мунайы да, газы да жок Эстониядан артта каларын белгиледи. Абдырахмановдун айтымында 30 жылда Казакстан демократиялык өлкө кура албай, авторитардык боюнча келе жатат.

“Чындап эле Казакстан бай мамлекетпи? Казакстан- жаратылыш ресурстарына бай,  чоң өлкө.Тышкы рынокко көп мунай, металл, уран жана буудай чыгарылат. Дүйнөлүк банктын берген маалыматына караганда Казакстандын ИДӨсү калктын башына эсептегенде 10,5 миң долларды түзөт. Орточо айлык акы 465  доллар. Баары салыштырганда таанылат. Казакстандын мурдагы СССРдин өлкөсү болгон Эстония менен салыштыралы. Эстонияда ИДӨ калк башына эсептегенде 17,5 миң доллар. Орточо айлык акы 1 240 евро, же болбосо 1 488 доллар.

 Эмне үчүн мындай. Жообу жөнөкөй. Казакстан 30 жыл бою президентин алмаштырбай келе жаткан авторитардык өлкө. Эстония парламенттик башкаруу формасындагы демократиялык өлкөнү кура алды. Эстонияда бийлик башындагы адам ар бир кезектеги шайлоодо алмашып турат. Эстонияда  ар бир шайлоодо көбүрөөк тапталган аргымак марага жетет. Ал эми авторитардык өлкөлөрдө бир гана “аргымак” дайыма  жалгыз алдыга чыгат, анткени башкаларга жарышууга мүмкүндүк берилген эмес”,-деп эсептейт экс-депутат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6689



Добавить комментарий