Шахтерлор шаары Сүлүктү Сооронбай Жээнбековду тандайт!
Сүлүктү шаарына экинчи жашоону Аймактарды өнүктүрүү программасы берет, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда.
Анын айтымында, премьер болгон бир жарым жылда 40ка жакын жолу региондорду кыдырды. “Концепциянын алкагында 20 шаар тандалып алынды, аларды өнүктүрүүдөн баштайлы деп жатабыз. Эксперттердин изилдөөсү боюнча, бизде калктын 30 пайызын жеринде иш менен камсыз кылуу толук мүмкүн. Кайсы жерде болбосун ишкерлик жасаса болот. Ошондуктан, президент болуп шайланып калсам, алгачкы кадамым катары ар бир райондун, керек болсо айылдын шартына жараша адамдарды иш менен камсыз кылуу программасы болот! Ар бир райондо кайра иштетүүчү ишканалар керек”, - деп белгиледи талапкер.
Сүлүктү шаарында ошондой эле таза ичүүчү суунун көйгөйү курч бойдон калууда. Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилерин эскертти. Бул максатка 30 миллиард сом талап кылынса, анын 19 миллиард сом каржы булагы аныкталды. Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнсө, былтыр 100 млн сом, ал эми быйыл бул сумманы 2 эсеге көбөйтүп, 200 млн сом бөлүп бердик, деп билдирди ал.
“Бирок эң башкысы, албетте – бул шаардын көмүр өндүрүшүн жандантуу. Кыргызстандагы эң ири көмүр кенди бүгүнкү абалынан чыгарышыбыз керек. Топтолуп калган көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт керек, бирок мен шайлоодо жеңсем, бул тармактагы абалды сөзсүз оңдойм», - деп белгиледи талапкер.
«Сүлүктү шахта курулуш» ишканасынын башкы инженери Марс Авязов бардык шахтерлор Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт деп ишенет. “Сүлүктү шаарындагы күргүштөгөн өндүрүш, жогору айлык акылары, өнүккөн, ыңгайлуу инфраструктурасына мурунку Союздун бардык эли кызыкчу. Бүгүн шахтерлор шаары мурдагыдай эмес. Өндүрүштү калыбына келтириш керек. Менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтарыш керек. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып, шаарыбызга мурунку атак-даңкын кайтарып берет деп ишенем. Баарыңарды Сооронбай Жээнбековго добуш берүүнүздөрдү суранам!”, - деп чакырды Марс Авязов шайлоочуларды.
Шаар тургуну Ойсара Кудайбердиева дагы талапкерге колдоосун билдирди. Ал Сооронбай Жээнбековдун 2010-жылдагы Ош окуяларда туруктуулукту алып келүү жана аны сактоо аракетин белгиледи. «Сиз ошондой эле губернатордун кызматында татыктуу иштегенсиз, Өзбекстан менен болгон чек ара маселесин чечүүдө эмгегиңиз баа жеткис. Биз Сооронбай Жээнбековго добуш беребиз!», - деп белгиледи Ойсара Кудайбердиева.
Сүлүктү шаарынын тургундары Сооронбай Жээнбековго Исхак Раззаковдой таза иштеп берет деген ишенич менен чыган уулунун сүрөтү түшүрүлгөн килемди белекке беришти. Алар бул белегин Ак үйдүн жетинчи кабатынан, келечектеги ажонун иш бөлмөсүндө илинип турганын көргүсү келээрин белгилеп өтүштү.
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 25.09.2017 ж.
Ссылка: https://barometr.kg/content6682
Добавить комментарий ×