Социалдык түйүндөрдө Бишкектеги суу түтүктөрүнөн табылган белгисиз жандык тууралуу кызуу талкуулашууда
Кечээтен тартып соцтүйүндү колдонуучулар суу түтүктөрүндө табылган ири курттарга окшогон жандыктардын фото сүрөттөрүн кызуу талкууга алышты. Сүрөттөрү бар постту колдонуучу Чолпон Мундузбаева жарыялаган.
“Урматтуу Бишкек сууканалдын жетекчилиги!!! Сиздерге кайрылам!!! Кечээ бизде Биринчи май районундагы Караванский, 15 дарегинде жайгашкан коңшубуздун суу түтүгү жарылып, оңдоткондо үрөй учурга курттар чыкты. Бул эмне экени белгисиз, узундугу 10-12 см келет, биз дүйнөдөгү эң таза сууну ичип жатабыз деп ишенип келгенбиз. Урматтуу колдонуучулар абайлагыла чийки сууну ичпегиле... Муниципалиттетин жетекчилеринен буга кандайдыр бир чара колдонууну сунуштайм, адегенде бул жандык эмне экенин аныктап бергиле, андан соң биздин суу түтүктөрүн алып салгыла”,-деп нааразы болду автор.
Ссылка: https://barometr.kg/content6679
Добавить комментарий ×