Өзбекстанда 1-октябрдан тарта калкка чет өлкөлүк валюта сатыла баштайт
“Өзбекстан бийлиги он жылдан бери биринчи жолу 1-октябрдан тарта калкка чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга уруксат берет. Reuters кабарлагандай, бул тууралуу премьер-министр Абдулла Арипов билдирген”,-деп жазды Борбор Азия жаңылыктар кызматы.
Учурда өзбекстандыктар чет өлкөлүк валюталарды пластикалык төлөм карталары аркылуу гана сатып ала алышат.
Өзбекстан премьер-министри улуттук валютанын мындан аркы девальвациясын базар аныктай турганын кошумчалаган.
Мындан тышкары 5-сентябрдан тарта физикалык жактар акча алмаштыруу жайларында валюта сатуу укугуна ээ болушту.
Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, конвертация ачылгандан бери алгачкы жумада эле калк банктардан 200 миллион доллар, юридикалык жактар 100 миллион доллар алмаштырган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6673
Добавить комментарий ×