Йеменди ачкачылык капташы мүмкүн деп билдирди БУУнун өкүлү
Йемендеги уланып жаткан согуштук жаңжал өлкөнү азыркы доордогу эң масштабдуу ачкачылыкка кириптер кылышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун чукул жардам көрсөтүү боюнча координатору Стивен О`Брайен билдирди. Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Стивен О`Брайен: Йеменде 10 млн чукул киши азык-түлүк жетишсиздигинен каржалып жатканын, алардын көбү ачкачылыктан өлүм алдында турганын белгиледи. Ачкачылык тооруп тургандардын 2,2 миллиону балдар деди ал. 2014-жылдын август айынан бери Йеменде Сауд Арабия колдоого алган бийлик менен шиит козголоңчулары (хуситтер) ортосундагы жаңжал токтобой жатат. Стивен О`Брайендин ырастоосунда жаңжалдан 7469 киши каза таап, 40 миң ашууну жаракат алган. БУУ жайкын тургундарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн тараптарды жарашууга чакырып келүүдө
Ссылка: https://barometr.kg/content667
Добавить комментарий ×