Жаңы төрөлгөн эркек баласын өлтүрүп, сөөгүн таштандыга таштаган келин кармалды
Бөлүшүү:
Жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүп сөөгүн таштандыга таштаган келин кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 14-сентябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектин көчөлөрүнүн бириндеги таштанды челектен күч колдонуу менен өлтүрүлгөн жаңы төрөлгөн эркек баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери Нарын областынын 30 жаштагы тургунун кармашты.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Бир катар соттук экспертизалар дайындалды. Аял убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content6645
Добавить комментарий ×