Эмне айыбы бар? “Көз айнек” арт-инсталляциясын кайра сындырып кетишти

22 сентябрь 2017 16:50 421 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы Жаштар аллеясында жайгашкан “Көз айнек” арт-инсталляциясын белгисиз адамдар сындырып кетишти. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасынан кабарлашты.

Бул ирет да  ишкананын кызматкерлери көз айнекти калыбына келтиришти.  Буга чейин да аталган ишкананын кызматкерлери талкаланган көз айнекти 19-сентябрда калыбына келтиришкен. Кийин 3 күн өткөндөн кийин көз айнекти кайрадан сындырышкан. Бүгүн 22-сентябрда кызматкерлер кайрадан калыбына келтиришти.

Учурда  укук коргоо органдары көз айнекти талкалаган жарандарды издеп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content6625



Добавить комментарий