Мэр жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерди тапшырды

22 сентябрь 2017 15:46 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында  23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары  Бактыбек Каналиев, тиешелүү мекеме ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер катышты.

Шаар мэри мамлекеттик тил күнү өзгөчө майрам экенин белгилеп,  ар бир кыргыз жаранын мамлекттик тилди өнүктүрүүгө чакырды.

-“Тил улуттун байлыгы, анын көөнөрбөс мурасы, дайыма аздектеп сактап келген улуу дөөлөтү. Ошол эле учурда, мамлекеттик тил улуттар аралык мамилелерди бекемдөөнүн, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоонун, өлкөнүн туруктуулугун сактоого,  өсүп-өнүгүүгө жол ачкан таасирдүү куралы экендигин билебиз. Өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүн каалаган, ага салым кошом деген ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө, мамлекеттик тилде ой жүгүртө билүүгө милдеттүү деп эсептейм”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий  турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары ыйгарылды. Ошондой эле шаар мэри жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектерин тапшырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6620



Добавить комментарий