Бишкекте жол талашып айдоочу экинчи айдоочуну ийинге атып салды

22 сентябрь 2017 13:37 340 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жолдон чатак чыгып айдоочу экинчи айдоочуну травматикалык тапанча менен ийинге атып салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.       

Кечээ, 21-сентябрда болжол менен саат 21де Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде  «Хонда Фит»  жана  «Мерседес» унааларынын айдоочулары жол талашып кетишкен жана чатак чыккан. Биринчи унаанын айдоочусу экинчисин ийинге атып салган.

 Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери эки айдоочуну тең кармады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6610



Добавить комментарий