Шайлоого карата гимн чыкты. БШК добуштарды сатпоого чакырууда
Кыргызстанда 2017-жылдагы президенттик шайлоого карата гимн чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Анын авторлору: Ж.Апазов, Н.Шайлдабекова, Э.Турсуналиева жана Г. Алмамбетова.
БШКнын өкүлдөрү келерки аптада үгүт поездин уюштуруп, кыргызстандыктарды өз добуштарын сатпоого үндөмөкчү.
Эскерте кетсек, шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген.
Гимндин текстти:
Таң нуру тоодон чачылганда,
Тагдырым сен деп! -ашыгаман да.
Кымбатым сенсиң, кыргыз элим,
Жакшылап танда, мыктыны шайла!
Кайырма:
Жеримдин көркү Ысык-Көлүмдөй,
Токою кенен Талас жеримдей.
Аскасы бийик Нарыным барда,
Байыркы Ош алгала, чамда!
Жалал-Абад жаркырайт таңда,
Баткеним ырдайт кошулуп шаңга,
Борборум Бишкек дем берип жанга!!!
Өркүндөп өскүн Кыргызым алга!!!
Келечек үчүн жакшыны танда!!
Ала-Тоо мөңгү конушуң болсун,
Акыйкат чечкен добушуң болсун.
Улаган жолуң Манастын алга!
Эмгекти сүйгөн жаштарың барда!
Ссылка: https://barometr.kg/content6603
Добавить комментарий ×