Нурдөөлөт Базарбаев, Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин социалдык камсыз кылуу департоментинин директору: «Сыналгысы муздаткычы бар деп балдарга жөлөк пул бербей кою эски ыкма болчу, азыр ал жоюлган»

27 январь 2017 14:45 652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

-Нурдөөлөт Сатыбекович, кечээ Жогорку Кеңештен дагы депутаттар маселе көтөрдү. Балдарга жөлөк пул берүүдө үйдөгү муздаткыч, сыналгы сыяктуу буюмдар болсо эске алынып төлөнбөй жатканын айтышты. Муздаткыч менен сыналгы үй-бүлөгө киреше бергенге эсептелчү чоң байлыкка деле жатпаса керек?

-Албетте жер жерлерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  даректүүлүктү  күчөттүү боюнча жумуш алып барып жатабыз. Эл деген эл экен. Болбой эле, мындай көйгөйлөр жер-жерлерге кайталанып жатат. Кечээ Жогорку Кеңеште бул маселенин көтөрүлгөнү ырас. Биздин министр Таалайкүл Базаркуловна айтты.  Биз  мурда маалымат тактасын колдончубуз. Мындай такталар райондук башкармалыкта илинсе азыр  ар бир айылга илели деп  жатабыз. Анткени айылда жашагандар ким кандай жашайт билишет. Ар бир айылга аз камсыз болуп жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн  тизмесин илебиз.  Бул дагы даректүүлүктү күчөтүү максатындагы бирден-бир багытыбыз.  Сыналгысы муздаткычы бар деп   балдарга жөлөк пул бербей кою эски ыкма болчу, азыр ал жоюлган. Азыр узакка колдонуучу авто машина,  трактор, же комбайны, жери, мал мүлкү гана эсептелет. Жер жерлерде айыл өкмөтүнүн өздөрүнөн түзүлгөн комиссия кандай камсыздалган үйдө жашаарын текшерет. Жакыр жашайбы жашабайбы деп протокол түзүп, райондук башкармалыкка жиберилет. Райондук башкармалык дагы бир сыйра текшерип анан акча чектейт.  Азыркы убакта республика боюнча  96 000 үй-бүлө 270 000 бала жакыр жашаган үй-бүлөдө тарбияланып, жөлөк пул алышат.

-Ар бир балага канча сомдон жөлөк пул каралат?

-Жөлөк пул алуучу үй-бүлөнүн кирешеси эсептелинет. Кирешеси ар бир жашаган үй-бүлө  мүчөсүнүн жарандарына кепилденген кирешенин өлчөмү  910 сомдон ашпаса 810 сомдон жөлөк пул чектелет. 910 сомдон ашса дагы берилбейт.

-Пенсия алган адам  жашаган  жаш үй-бүлө  дагы жөлөк пул албай калууда. Бул да эсептелеби?

-Туура, эсептелет. Биз ушундай маселени жою үчүн мыйзамдан пенсия курагында жашаган мүчө бар үй-бүлөгө  жөлөк пул бербей кою талабын мыйзамдан алып  салуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Пенсиясы жалпы кирешеге киргизбөө  аракетин көрүп жатабыз.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content660



Добавить комментарий