Милициялар балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдү күч менен унаага түртүп салып жаткан видео жарыяланды

22 сентябрь 2017 11:31 309 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө  милиция кызматкерлери мамлекеттик номери 4617 AQ болгон унаага өспүрүмдү күчтөп салып жатканы тууралуу видео жарыяланды.   

Кадр артындагы жаш жигит өспүрүмдү жайына койгула деп кыйкырып жана милициялардын күбөлүктөрүн сурап жатат.

 Алар реакция кылбай жанталашып качкан баланы унаага күчтөп салышууда.

Окуянын күбөлөрү да документ сурап жатышат. Алардын суроолоруна милициялар сөгүнүп жооп беришүүдө.

 Бул постту бөлүшкөн Аяна Исмаилова “милиция кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларын ушинтип кыйнашат”,- деп жазды.

 Бул видео социалдык түйүндөрдө чоң резонансты пайда кылды. Колдонуучулар өспүрүмгө күч колдонгон милицияларды таап, жазалоону талап кылышууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6598



Добавить комментарий