Кечээ муздаткычтар, бүгүн отургучпу? Сапар Исаковдун креслосунун сынганын талкуулап жатышат

22 сентябрь 2017 11:21 567 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Өкмөт башчы Сапар Исаковдун эки муздаткычынын айланасындагы чатак тынчый электе социлдык түйүндөрдө сынып калды делген анын креслосу тууралуу кызуу талкуу башталды.

 Сынган сыяктуу отургучта өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп жаткан премьер-министрдин сүрөтүн колдонуучу Улан Джумаков жүктөгөн.

“Эки күн мурда премьер-министр Сапар Исаков чехиянын "Лигласс" компаниясы боюнча өкмөт мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрдү. Менде суроо пайда болуп жатат: эмне үчүн Исаков сынган креслодо отурат?”,-деп жазды У.Джумаков.

 

Анын айтымында, видеодо оор кресло бир жагына кыйшайып калганын, ошондуктан Исаков кулап калбаш үчүн сол колу менен таянып алганын көрүүгө болот. 

«Урматтуу Сапар Джумакадырович, креслодон баштаңыз, аны алмаштырыңыз, анткени сизди улуу мамлекеттик иштер күтүп турат. Эгер креслону оңдой албасаңыз анда мамлекеттик иштерди кантесиз”,-деп жазды колдонуучу.   

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6596



Добавить комментарий