Тажикстанда кошок кошууга тыюу салуу сунушталууда

22 сентябрь 2017 10:51 427 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстанда өлгөн адамды жерге берүүдө жана аза күтүүдө киргизилген жаңы тартиптер кызуу талкууга алынууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мындан ары маркумду жерге берүү зыйнатында катуу кыйкырууга, чачын жулууга, кийимин, бетин тытууга жана кошокчуларды чакырууга тыюу салынат. Өлгөн адамдын жакындары акырын гана “үн” чыгара алат.

Аялдардын көк түстөгү кийим кийүүсүнө уруксат берилет, бирок кара жамынууга тыюу салынат.

Аза күтүү иш-чараларынын тартибин Дин иштери боюнча комитети Уламалар кеңеши жана Тажикстандын Ислам таануу борбору менен бирге даярдады. Азырынча документ сунуш мүнөзүнө ээ, бирок мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, милдеттүү түрдө аткарылышы керек болот.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content6592



Добавить комментарий