Кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери катышты.
Жабык жыйындын жүрүшүнүн жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content6575
Добавить комментарий ×