"Мурас-Ордо" жаңы конушунда мектептин курулушуна капсула салынды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 21-сентябрда "Мурас-Ордо" жаңы конушунда мектептин курулушуна капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Биринчи май районунун башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мийзамидин Калыков жана башка жетекчилер, ошондой эле аталган конуштун тургундары катышты.
Жаңы мектеп 660 балага ылайыкташкан, мектепке бөлүнгөн аянт 5 гектарды түзөт. Республикалык бюджеттен 12 млн. 285 сом каралган, долбоордун сметалык баасы 180 млн. сом.
Ссылка: https://barometr.kg/content6569
Добавить комментарий ×