Намысты коргогон аргымак. Казакстанда депутат Урмат Самаевдин күлүгү баш байгени алды
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин күлүгүн Казакстанда көп акчага сатууну сунушташты. Бул тууралуу ат оюндарынын күйөрмандарынын бири Barometr сайтына кабарлады.
Депутат аталган сунуштан баш тартты.
Эскерте кетсек, 17-сентябрда Алмата областынын Каскелең шаарында казактын Барак баатырынын небереси Даут Асауулынын 230 жылдык мааракеси өткөн. Аталган шаардын "Раимбек" аттуу ат майданында чоң ат чабыш болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин "Покер" аттуу күлүгү да чабылган.
“Аламан байгеде “Покер” 53 аттын ичинен марага биринчи болуп келип, кыргыздын намысын коргоп, 52 казактын мыкты күлүктөрүн артта калтырып, жаңы "Нива" автоунаасын утуп келди. Казак боордоштор бир топ акчага сурап сатып ала албай калышты”,-деп билдирди ат оюндарынын күйөрманы.
Ссылка: https://barometr.kg/content6566
Добавить комментарий ×