“Переброс” операциясында 9 килограммдан ашык ар түрдүү баңгизаттары алынды

21 сентябрь 2017 14:52 375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн “Переброс” операциясынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 9 баңгизат кылмыштары аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 9 килограмм 402 грамм салмактагы ар түрдүү баңгизаттары алынган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү ИИМдин жана Ак-Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында, Черик айылынан 48 жаштагы А. Н. аттуу жергиликтүү тургун токтотулуп, өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 7 килограмм салмактагы марихуана баңгизаты алынган.

Ошондой эле 19-сентябрь күнү ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда уурулук менен соттолгон Ак-Суу районунун Челпек айылынын 30 жаштагы М. М. аттуу тургуну кармалып, андан 2 килограмм 300 грамм салмактагы марихуана баңгизаты табылып, алынган.

Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адамдарга карата эч жакка кетпөө тил каты алынды. Учурда “Переброс” операциясы уланууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6560



Добавить комментарий