Садыр Жапаровду атасынын зыйнатына жиберишкен жок
№1 абакта өз жазасын өтөп жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына жиберилген жок. Бул тууралуу Barometr сайтына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн, 21-сентябрда кабарлашты.
«Садыр Жапаров өзүнүн атасын жерге берүү зыйнатына бара албайт”,-деп кабарлашты ЖАМКдан.
Басма сөз кызматынан белгилегендей, КРнын кылмыш-аткаруу кодексинин 69-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөнэрежеге ылайык КРнын Кылмыш кодексинин 226 - 226-6, 227, 229, 232, 294, 295-1, 296, 299 - 299-3, 375 жана 376-беренелери менен соттолгондор абак жайдын чегинен чыгууга болбойт.
“Ал эми Садыр Жапаров “Туткунга алуу”- 227-беренеси менен соттолгон жана ага ылайык түзөтүү мекемесинен чыгып кетүүсүнө болбойт”,-деп түшүндүрүштү ЖАМКдан.
Эскерте кетсек, кечээ экс-депутат Садыр Жапаровдун атасы дүйнөдөн кайткан. Жапаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга соттолгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content6553
Добавить комментарий ×