Кыргызгидромет: бүгүн 21-сентябрда күн ачык болот
Бүгүн, 21-сентябрда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29;Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +23...+28; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30; Баткен дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25; Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +27...+29 градус ысык болот.
Ал эми 22-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/content6541
Добавить комментарий ×