Нурбек Мурашев, Айыл чарба министри: «Долбоор ишке ашса 2000 гектар айдоо үчүн өздөштүрүлүп, 1600 гектар жердин сууга муктаждыгы жоюлат»
Бөлүшүү:
Суу жана айыл чарба министри Нурбек Мурашев «СДПК» фракциясынын фракциялык жыйынында билдирди. Анын айтымына караганда Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан өнүктүрүү долбоорунун каржылоосуна каралган. Талас областына караштуу Кара-Суу районундагы Сарымсакты өнүктүрүү долбоорун жактырышкан. Долбоордун жалпы саны 16, 4 млн АКШ доллары. «Ислам» өнүктүрүү банкы аталган сумманын 13, 300 млн долларын төлөп берүүгө макулдашкан. Ал эми кыргыз өкмөтү 3 млн 100 миң долларын төлөмөй болду. Эгер бул долбоор ишке ашса 2000 гектар айдоо үчүн өздөштүрүлүп, 1600 гектар жердин сууга муктаждыгы жоюлат. Жыйынтыгында СДПК фракциясы бул долбоорду жактырды
Ссылка: https://barometr.kg/content654
Добавить комментарий ×