Бишкекте алдынан ит чыга калып, тез жардам унаасы кырсыкка кабылды
Бөлүшүү:
Бишкекте жаш баланы реанимацияга алып бара жаткан тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кайгуул башкармалыгынан кабарлашты.
Кырсык 20-сентябрда болжол менен саат 5:00дө болгон.
“«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы Арча-Бешиктеги үйлөрдүн биринен оорулуу баланы алып ооруканага бара жаткан. Түштүк магистраль менен бара жатып капталына кулаган. Айдоочунун айтымында алдынан ит чыга калганда бурулуп кетүүгө аракет кылып, бирок рулду башкара албай калган”,-деп айтылат кайгуул милиция тараткан маалыматта.
Экипаждын төрт мүчөсү, айдоочу, врач, медайым, фельдшер жана оорулуу жабыркаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6504
Добавить комментарий ×