Азиадага байланыштуу Ашхабадда мугалимдер көчө тазалашууда

20 сентябрь 2017 11:05 503 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ашхабаддын орто мектептеринин мугалимдери көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылышууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, шаардын борборуна жакын жайгашкан мектептердин техникалык персоналдарынын көбү көчөлөрдү шыпырып, бактарды актап, жалбырактарды чогултушууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Мектептердин мугалимдеринин биринин айтымында, көчөлөрдө жалпысынан алты саат иштешүүдө. 19-сентябрдан тарта эки нөөмөт менен тазалык иштерин аткара башташат.

Анын айтымында, мугалимдерди шаардын тазалыгына тартуу иштери 28-сентябрга чейин созулат. Азия оюндарына байланыштуу Ашхабадын орто мектептеринде жана кесиптик-техникалык окуу жайларында кезексиз каникул жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/content6484



Добавить комментарий