Ошто автобустарга акысыз Wi-Fi орнотулду

26 январь 2017 15:44 462 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда Ош шаарындагы  жакында эле сатылып алынган автобустарга акысыз интернет байланыштар орнотулду. Мэриянын билдиргенине караганда  ар бир автобуска видеокамералар орнотулуп, иштеп жатат. Аталган унаалардын айдоочуларына аялдамаларда гана токтоп, жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана алуу талабы коюлууда. "Аталган унаанын айдоочуларына улуттук колориттеги ак калпак жана бирдей түстөгү улуттук кемселдерди кийип иштөө милдеттендирилди Ар биринин баасы 83 миң еврону түзгөн жаңы автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына Россиядан  өткөн жылы декабрь айында сатып алынган. Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жетекчиси Расулбек Мырзагуловдун айтымында, алдыда дагы 23 троллейбус алынары күтүлүп жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content648



Добавить комментарий