Кеминде салык кызматында иштеген аял 20 сом пара алгандыктан жумуштан бошотулду

20 сентябрь 2017 10:24 470 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Атайын чаптама кагазды сатканы үчүн Кемин районунун салык органында 1 кызматкер ишинен бошотулду жана 4 кызматкер жазаланды.Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматынан кабарлашты.    

Мамлекеттик салык кызматы Кемин районундагы салык кызматынын башкармалыгына кызматтык текшерүү жүргүзгөн жана унаа салыгы боюнча бериле турган атайын чаптама кагазды сатуу фактысын аныктаган. Анын натыйжасында бир кызматкер аял иштен бошотулуп аны менен бир кабинетте иштеген кесиптешине сөгүш жарыяланган.  Ошондой эле бөлүм башчы сөгүш алып, башкармалыктын башчысынын орун басарына эскертүү берилген. 

 МСК салык органдары мыйзам бузган учурда 61-31-89 ишеним телефонуна байланышууну эскертти.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6475



Добавить комментарий