Алмазбек Атамбаев БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты

20 сентябрь 2017 10:09 363 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек  Атамбаев бүгүн, 19 сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мамлекет башчысы БУУнун башкы кеңешме органы - Генералдык ассамблеянын жалпы дебатыныны ачылышына катышты.  Азыркы дебаттардын темасы  “Көңүлдү адамга  буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн  тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда”.

БУУнун Генералдык ассамблеясынын  жалпы дебаттарынын алкагында  БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш,  АКШнын Президент Дональд Трамп жана башка бир катар дүйнөлүк лидерлер чыгып сүйлөштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6472



Добавить комментарий