Эми Нарын шаарын Эмил Алыкулов башкарат

26 январь 2017 15:13 697 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын шаарынын мэри болуп Эмил Алымкулов шайланды. Бүгүн өткөн шайлоодо 31 депутаттан турган шаардык кеңештин 22 мүчөсү Эмил Алымкуловго, 8 депутат мурдагы мэр Рахат Адиевге добуш берди. Бир депутат баарына каршы экенин билдирген. Мэрликке талапкерлер Эмил Алымкулов менен Рахат Адиев Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү. Бирок шайлоого Алымкуловдун талапкерлигин Социал-демократтар башында турган көпчүлүк коалиция көрсөтсө, Адиевди “Республика-Ата Журт” башында турган оппозиция сунуштаган.  51 жаштагы Эмил Алымкулов буга чейин Ак-Талаа районунун акими, Нарын облусунун губернаторунун орун басары болуп эмгектенип келген. 

Ссылка: https://barometr.kg/content647



Добавить комментарий