Жумагул Байделдеев, жаш илимпоз, тарыхчы: Улуу кыргыз көчүн улантуучу Сооронбай Жээнбековду колдойлу!

19 сентябрь 2017 16:56 397 www
Бөлүшүү:
ok

Өлкөбүз демократиялык нукка бурулуп, эгемендүүлүк энчибизге тийген 26 жылдын акыркы жылдарында өлкөбүздө стабилдүүлүк сакталып, бир топ экономикалык жана улуттар аралык өсүштөр пайда болду. Бул тууралуу жаш илимпоз, тарыхчы Жумагул Байделдеев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

«Акыркы жылдарда мурда көмүскө болуп, бийликтин көзүнө көрүнбөй келген, акылдуу жаштарды бийликке тартуу, мейли спортто болобу, мейли илимий чөйрөдө болобу - аларды колдоо иштери болуп жатат. Мына ошондуктан бүгүнкү күндө жаш муунду колдоо, улуу кыргыз көчүн улайм деп эртеңки жаштар менен бирге кетүү ниетин эң негизги айкын далил катары алсак болот. Экинчи айкын далилдин мисалын келтирсем, мен ушул Ак-Талаа жеринин кулуну катары ушул жердин архвинде иштеп, эл аралык симпозиумдарга катышып, докторлук даражага чейин жеттим. Мына бул да бийликтин жаштарды колдоонун шарапаты менен болуп отурат. Ошондуктан мен элибизге, келечекте саясатта такшалган, кызматта такшалган, бардык тепкичтерди басып өткөн, жаштарды колдоп, өз командасы менен бирдикте улуу көчтү улап, эртеңки кыргыз элинин келечегин ишенимдүү улап кетүүгө багыт алган талапкер Сооронбай Жээнбековду колдойлу жана ишеним арталы деген ураан чакырат элем», - деп белгиледи Жумагул Байделдеев.

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 19.09.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content6454



Добавить комментарий