Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын эмгек жамааты менен тааныштырышты
Улуттук банктын жаңы төрагасын банктын эмгек жамааты менен тааныштыруу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Улуттук банктын эмгек жамаатын жаңы төрага Кубанычбек Кулматов менен тааныштырды”,-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 14-сентябрда Жогорку Кеӊеште президент тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кулматов Кубанычбек Кеӊешовичтин талапкерлиги каралган. Депутаттардан суроолоруна жооп берген талапкер Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын ишинде жана анын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгилеген. «Улуттук банк азыр натыйжалуу иштөөдө. Экономикалык каатчылыкка да кыйла туруштук берди. Ошондон улам, ал азырынча кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж деле эмес, бирок ишти алга жылдыруу аркеттери жасалат», - деген ал.
Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кулматов Кубанычбек Кеӊешович Улуттук банктын төрагалыгына шайланган.
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаӊы өкмөт курамындагы вице-премьер-министрлик кызмат ордуна дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content6438
Добавить комментарий ×