Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

19 сентябрь 2017 12:00 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 18-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын аппараттык жыйынында кадрдык өзгөрүүлөр маалым болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары  Ташиев Чыңгыз Ураимжанович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, КРнын Эмгек кодексинин 69-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 9-пунктуна ылайык которуу жолу менен Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп дайындалды.

 Эндешов Марипжан Абдыкасымович Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө”  Мыйзамдарына ылайык “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык-аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Пирматов Алтынбек Абдимиталипович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, КРнын Эмгек кодексинин 69-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесине ылайык которуу жолу менен Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башкы адиси болуп дайындалды.

 Аталган буйруктарга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content6431



Добавить комментарий